Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:17

БУУ соту Украинанын Орусияга каршы арызын жарым-жартылай канааттандырды


Иллюстрациялык сот.
Иллюстрациялык сот.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гаагадагы Эл аралык соту бүгүн 31-январда Украинанын Орусияга каршы арызы боюнча чечимин жарыялап, орус бийлиги терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу тууралуу эл аралык конвенцияларды жарым-жартылай бузган деген тыянакка келди.

Чечимде орус бийлиги аннексиялап алган Крымда украин тилиндеги билим берүүнү коргобой, БУУнун дискриминацияга каршы келишимдерин бузганы айтылды, бирок Орусияны кенемте төлөтүү тууралуу талап колдоого алынган жок жана Крымдагы татарлар менен украиндер басмырлоого кабылганы тууралуу өтүнүч да канааттандырылган жок.

Жалпысынан Эл аралык сот келишимдердин эки беренесин бузганын тастыктап, калгандары боюнча доону колдогон жок.

Украина бул сотко Орусияны 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин «терроризмди каржылоодо, расалык дискриминация жүргүзүүдө, бул саясаты 2022-жылы толук масштабдуу согуш баштоого жол ачты» деп айыптап, жабыркаган жай тургундарга кенемте төлөтүүгө мажбурлоо талабы менен кайрылган. 2014-жылы Украинанын чыгышындагы жикчилер көзөмөлдөгөн аймактан атылган ракета менен Malaysia Airlines авиакомпаниясынын 298 жүргүнчүнү ташып бараткан учагы жок кылынганына байланыштуу да кенемте төлөтүү талабы коюлган.

Орусия Украинадагы согушту "атайын операция" деп, украин бийлигинин жана эл аралык коомчулуктун айыптоолорун четке кагып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG