Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

“Америка мен күткөндөй болгон жок. Кетким келет..."


29 жаштагы Даткайым Маматкадырова Американын Чикаго шаарында жашап жатканына алты айдан ашты. Ал АКШга өткөн жылы күйөөсү жана эки баласы менен Мексика аркылуу келген. Жубайлар бул үчүн балдары менен тобокелчиликке барып, жалпысынан 25 миң доллар сарптаган.

Америкадагы жаңы турмуш

Даткайымдын үй-бүлөсү былтыр май айында Америкага Мексика аркылуу жөнөгөн. Алар Америкага июль айында жетип, ушул тапта Чикаго шаарында. Жолдошу убактылуу жумуштарда иштеп, өзү да бекер отурбай, тамак-аш жасап сатып, тиричилик кылып жатат.

“Сүт жылымык болду. Эми айран уютайын деп жатам. Жаңы айран уютуп, акча таба баштаганыма сүйүнгөм. Тамак жасаганга шыгым болгону үчүн ошону менен алектенип жатам. Башында айран саттым, анан шаурма жасадым, чалап жасап саттым. Аз-аздан 20-30 доллардан таап алам, 50 доллар тапкан күндөрүм да болот. Бул жакта курут жегиси келгендер көп экен. Айрандан сүзмө жасап, курут кылып, жумасына бир жолу сатып көрдүм. Сурагандар көп болгону үчүн тамак эле жасап калдым. Андан жакшы түшөт. Самса жасасам, жакшы өттү. Кечке үйдө олтурганда депрессия болуп кетпейин деп өзүмду алаксытып жатам. Бул жакта баары эле тамак жасап сатышат. Алардан айырмаланайын дейсиң. Килкилдек дагы жасап көрдүм, сурагандар көп болду. Кыргыздардын өздөрүнүн [мессенжерде] топтору бар. “Мамочки” деген тайпа бар. Биз жашаган “Павильон” деген үйүбүздүн тобу бар. Ал топту мен тамак жасай баштагандан кийин сатканга ыңгайлуу болсун деп ачкам. Ар каякка жазып издебесин, биздин топтон сурап алсын деп ачкам".

Америкага мыйзамсыз жол менен келген бул үй-бүлө ушул тапта документтерин камдап, соттун убактысын күтүп жатышат. Алар бул жакка келүү себебин далилдеп, мыйзамдуу жашоо мүмкүнчүлүгүн алышы керек.

“Бул үчүн адвокатка эле 15 миң доллардай кетет экен. Сотто утулуп калышың да мүмкүн. Анда акчаң да күйүп кетет. Ошондуктан бул жакта сотту улам жылдырып, он жылга чейин созуп жүрө бергендер бар экен. Кыскасы, кудайдын айтканын көрөбүз да. Мексика аркылуу келсең, мекениңе кайра кете албайсың. Жолдошумду жалгыз жиберсем, ал жок дегенде беш жыл келе албай калмак. Балдарым атасын көрбөй чоңоюп калабы деп чогуу эле барууну чечкенбиз”.

Жаш үй-бүлө тандаган тобокел жол

Жубайлар төрт жана эки жаштагы балдары менен келген. Даткайым башында узак жолдун сырын билбей эле аттанып, кыйналганын айтып берди. Алар оболу Никарагуага учак менен жетип, андан ары машине менен автобус алмаштырып отуруп, Тапачулага жеткен.

“Жолдошумдун Америка деген кыялы бар болчу. Мен жөн гана көпчүлүк элдей эле жер көргүм келчү. Кетип калып, жашайм деген оюм жок эле. Мен эч качан мигрант болуп көргөн эмесмин. Балким, ошондуктан мага оор болду. Күйөөмдүн көп достору кетти. Алар “сен дагы кел, жол жеңил эле экен” деп сунуш кылып калышты. Ошентип, кудайдын буйругу менен жолго чыгып калдык. Бишкек - Стамбул, Стамбул - Мадрид, Мадрид - Богота, Богота - Сан-Сальвадор, Сан-Сальвадор - Никарагуа маршруту менен учтук. Ушуну менен учак жолу аяктайт. Никарагуадан эки күнгө мейманканадан бөлмө алып, бир эле күн туруп, экинчи күнү жолго чыктык. Ошол жерден картел дейбизби, жеткирүүчү кишилерге акча төлөйсүң. Алар Тапачулага чейин жеткирет. Жол мындай болорун биз билген эмеспиз. [Досторубуз] жол жеңил болот дегенинен терең ойлонбой эле, Кудайга ишенип эле чыгып кеттик. Бирок кызыктын баары жолдо башталат да. Коркуу сезими деле болгон жок, анткени жол кандай экенин, эмне болорун билбегендиктен таң калып эле кете берет экенсиң. Бирок мындай жолду тандабай эле койгон жакшы. Мыйзамдуу, гринкарта менен же туристтик, окуу визасы менен келсе болот. Биз дагы виза менен келели дегенбиз, бирок күтүү керек болуп калды. Визага деп 5 миң доллар берген элек, датасы белгисиз деп коюшту. Ошентип, акчабыз дагы күйүп кетти - кайрып беришкен жок”.

Жубайлар SBP ONE аркылуу Америкага мыйзамдуу жол менен кирүүгө аракет кылган. Бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес. Акыры мыйзамсыз жол менен өтүп, полицияга түшүп, качкындар лагерине келген. Ал жерден жубайлар бир нече күндө коё берилген.

“SBP ONE бизге чыкпай койду. Балким, күтсөк чыкмак. Бирок канча күтөсүң - белгисиз. Акчабыз түгөнүп баратат, канча жатсак, ошончо кете берет. Кайра-кайра үйдөн сураган ыңгайсыз. Туура эмес дагы. Ошол себептен башка жолдорду издеп, чек арадан өткөрө турган кишилерди таап, өттүк. Аларга 2,5 миң доллар төлөдүк. Ошентип, мексикалыктар бизди алып келип, ээн талаадагы жолго таштап коюшту. Андан ары тосмону айланып, түз кетишиң керек экен. Жолдун четиндеги чакан суу каналды бойлой 500 метр басып, көпүрөдөн өтүп, Америкага киресиң. Ал жерден сени полиция күтүп алат экен. Полиция бизди машинесине салып алып, качкындар лагерине жеткирди. Ал жерде бизди текшерип, баштыгыбыздагы кийимдердин баарын ыргытты. Дары салынган аптечкамды, баланын кургак сүтүн, бөтөлкөлөрүн упчулары менен кошо ыргытты. Документтерибизди алып текшерип, өзүбүздү догдурлар карады. Бардык маалыматты жазып алып, телефон, документти алып туруп, жолдошумду өзүнчө, мени балдарым менен өзүнчө алып кетти. Чатыр сыяктуу жайга үстүбүздөгү кийим менен эле кирдик. Күнбү, түнбү, саатты билбей эле жүрдүк. Тамак деп муздак бутерброд, печенье, чипсы беришти. Улам чыгарып текшеришет. Балдарым эмне болуп жатканын түшүнбөй жатты. Матка [уктоочу төшөкчө] жатасың, үстүңө фольга берип коёт экен. Бөлмөдө кондиционер үйлөп турган үчүн муздак болот. Фольганы оронуп албасаң үшүйсүң. Балдарымды орогондо ыйладым. Жаман болдум. "Эмнеге келдим? Эмнеге мындай кылдым? Ушундай кылуунун эмне кереги бар эле?" деген ойлор келет экен. Өзүңдү өзүң күнөөлөйсүң. Балдарды ойлоп, алардын келечеги деп кетип жатам деп ойлойсуң да. Бирок ушундай жол менен баруунун кереги бар беле деген ой дагы болот.

Акыры бир нече жолку текшерүүлөрдөн соң, биздин калган жеке буюмдарыбызды берип, сыртка чыгарышты. Колубузда калган акчабызга Аризонадан Чикагого чейин 1300 долларга билет алып, учуп келдик. Ал жерден жолдошумдун байкеси тосуп алып, үйүнө алып барды. Келип эле үйдү ижарага ала албайт экенсиң. Биринчиден, акчабыз жок келдик. Байкебиз төрт балалуу болсо да бизди батырды. Аларга ушул кезге чейин ыраазымын. Алар болбосо кыйын эле болмок.”

"Бул жакта балдарды алдырып коюш оңой"

Чикагодо жаңы жашоону баштоо жубайларга оңой болгон эмес. Мексика аркылуу сапарга алар 20 миң доллардай каражат коротсо, Америкага келип жайгашууга эле 5 миң доллар сарпташкан. Башта жаңы жерге жуурулушуп жашоо дагы сыноолор менен коштолгон.

“Кетүүбүзгө бир чети жолдошумдун жумушунан маселе чыгып калганы себеп болгон. Анын жумушу дагы жакшы болбой бараткан. Башкы маселе акча болду. Бул жакка келип, батирге чыктык. Батирге жаңы киргенде ичи бош болот. Эч нерсе жок. Азык-түлүк алганы дүкөнгө баралы дегенбиз. Жолдошум түнү менен иштеп чарчап, саат кечки 4-5 болуп калган болчу. Балдарым түштө уктаган эмес эле. Ошентип, майда-чүйдө алалы деп дүкөнгө бардык. Жолдошум өзүнө ичкенге бир нерсе алайын деп менин артыман кирип кетет. Ал маалда [унаада] улуу балам телефон көрүп, кичинекей балам уктап жаткан. [Дүкөндөн] чыгып [унаага] отурганда эле полиция келип калат. Бул жакта полиция, өрт кызматы, тез жардам кызматы чогуу келишет экен. Чыксам эле балдарым жок. Жолдошумдун колуна кишен кийгизип, алып кетип калышты. Балдарымды тез жардам салып кетти. Эмне кылышымды билбей, ыйлап, өзүмдү жоготуп койдум. Байкем менен жеңем, иниси менен келишти. Анан бизди ооруканага бар дешти. Ошол кезде кичүү балам жыгылып, чекеси жарылып жүргөн. Улуу балам велосипедден жыгылып, бети сыйрылып жүргөн. Ошондуктан буларга башкача көрүндү окшойт. Ар нерселерди сурап жатышты. Баарын түшүндүрүүгө аракет кылдым. Анан машинеде автокреслосуз такыр баланы отургузганга болбойт экен. Көрсө, бизди ошол жерде иштеген мексикалыктар полицияга айтып коюптур.

Мындай окуя Даткайым үчүн күтүүсүз болгон. Ал бул өндүү тобокелчиликтер үй-бүлөнү бир эсе түйшүккө салса, бир эсе чочутуп койгонун айтат.

“Бул жакта балдарды алдырып коюш аябай оңой экен да. Менин кетким келгенинин дагы бир себеби ошол. Бул жерде балдардын укугу биринчи орунда турат. Ооруканага барганда балдарымды мага береби же бербейби деген суроо болду. Дароо эле коё бербей, кечке сурак кылышты. “Эмнеге минттиңер?” деп жолдошумду дагы бир жолу суракка алды. Ал бир сыйра айтып берди. Болушунча түшүндүрдү. Жолдошум анча-мынчага кайгырбайт. Бирок ошол жерде көзүнөн жаш агып кетти. “Бул менин балдарым, аларга кантип жамандык кылмак элем?”, - деди. “Шалаакы мамиле, кантип ушундай кылдыңар” деп айтып жатышты. Биз силердин мыйзамдарды билбейбиз, жаңы эле келдик дей бердик. Бул да кырсыктын бир түрү болуш керек. Жолдошум бул окуяны эстегиси келбейт. Бул жактагы жашоо менен үйүмдөгү жашоо асман менен жердей. Бишкекте жүргөндө баары эле оңой сезиле берчү. Биз ойлогондой эмес экен, такыр андай болгон жок. Эртең эмне болоруңду билбейсиң. Бир күн иштебесең, ачка каласың. Биз жашаган үйдө батир акысын айдын бешине чейин төлөбөсөң 500 доллар, онуна чейин калсаң 1000 доллар айып төлөйсүң. Ага жеткирбей төлөгөнгө аракет кыласың.

Ичиңде эки сезим күрөшүп, бири “кет” дейт. Ыйлап жибербесем экен, мага абдан кыйын болуп жатат. Мен бир айдан бери ойлонуп жүрөм. Жолдошума деле жаккан жок. Жарандык алууну күтпөй эле эки-үч жыл иштеп кетебиз дейт. Моралдык күрөш кыйын. Бул жакка эмнеге келдим, балдарым кыйналып жатат, эмне үйдө олтурам деген ойлор жейт. Ушул убакта мен эчтеке кыла албайм. Баламды бала бакчага бере элекмин, алыс жакка ташый албаймын. Азыр абдан кысталып турам. Улуу балам мектепке барат, аны тосуп алышым керек. Түшкө чейин кайда барып, канча акча таба алам? Балалуу эмес, жалгыз бой келип кыйналгандар да көп. Аларды көрүп таң калам. Негизи көчөдө ачка калган жокпуз, бирок ар кандай ойлор келе берет. Жолдошум акча салып турса, үйүмө кетип эле чогултсам деп калам. Тилден да кыйналып жатам. Англис тилин ар дайым окуп жүрсөм дагы, жакшы үйрөнө алган эмесмин. Бул жактан эми аракет кылып, үйрөнүп кетсем экен деп тилеп жатам”.

"Мыйзамдуу жол көп мүмкүнчүлүктөрдү берет"

Даткайым Америкада мыйзамдуу жол менен келгендерге мүмкүнчүлүктөр көп болорун белгилейт. Мындан улам ал мекендештерин бул өлкөгө Мексика аркылуу баруудан баш тартууга чакырат:

“Виза же грин карта менен келсең, жумушка кирүүгө уруксат берген документ эрте бүтөт. Дароо эле алышат. 1-2 айдын ичинде, ашып кетсе 3 айда келет. Биз мына 6 айдан бери күтүп жатабыз. 7 ай дегенде келет болушу керек. Грин карта менен же виза менен келсең, кайра барып келе аласың. Азыр Америкага келе албай жүргөндөр канча. Мен эми келгенден кийин, балким, дагы аракет кылып көрүшүм керек. Балким, бир аз чыдап коюшум керек, мындан аркысы жакшыраак болот деп... Оюмда өзүм менен өзүм күрөшүп жатам. Ойлонуп, оюмдун түбүнө жетпейм. Мен азыр Кыргызстанга кетип калсам деле ал жакта жашап кетериме көзүм жетет. Ал жакта балдарымды [туугандарыма] калтыра алам. Өзүмө да көңүл бура алам. Эн жөнөкөйү, эшикке чыгып жалгыз сейилдесем болот. Бул жакта балдарымды эч кимге калтыра албайм. Бирөөнүн өлкөсү, мамлекети бирөөнүн үйүндөй эле болот экен. Конокто жүргөн жакшы, бирок өз үйүңдө андан жакшы деген сөзгө мен 100% кошулам. Бул жакта ошондой экен. Бирөөнүн жерине эс алуу үчүн эле барыш керек, ал эми өзүңдүн үйүңдө кандай болсо да аракет кылып, бел чечпей иштеш керек экен.”

Соңку 4-5 жылда Америкага Мексика аркылуу барган борбор азиялыктардын саны көбөйгөн. 2023-жылдын күз айларында 200 миндей адам Мексиканын чек арасында Америкага өтө албай топтолуп турганы айтылган.

Мигранттар менен иш алып барган уюмдар жана мамлекеттик мекемелер жарандарды эмгек миграциясына ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын билип, мыйзамдуу жолдор менен барууга чакырып келет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG