Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:35

Брюсселде кыргыз авиакомпанияларын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланды


"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун Бакыт Төрөбаев Брюсселде Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы 30-январда билдиргендей, жолугушууда Төрөбаев Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгарууну, кыргызстандыктар үчүн виза берүү шарттарын жеңилдетүүнү сунуштаган.

Ошондой эле ал сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүүдө кызматташууга, Кыргызстандын тышкы карызын жашыл долбоорлорго алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырган.

Маалыматта Боррель Борбор Азиянын дүйнөдөгү орду жогорулап жатканын белгилеп, Евробиримдиктин Кыргызстан менен бардык тармактарда кызматташууну бекемдөө ниети бар экенин айтканы жазылган.

Жарандык авиация агенттиги жергиликтүү авиакомпанияларды Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча жол карта түзүлө баштаганын 2022-жылы октябрда билдирген. Анда Кыргызстан 2023-жылы учуу коопсуздугу боюнча Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) толук кандуу аудитинен өтөрү айтылган. Кийин бул аудиттин өтүп-өтпөгөнү боюнча маалымат берилген эмес.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатына жана учуу коопсуздугуна байланыштуу 2006-жылы Европа Биримдигинин "кара тизмесине" кирип, шаркеттеги ишмердиги чектелген.

Европа комиссиясынын адистери 2020-жылы авиация тармагында Кыргызстанга 28 сын-пикир айтып, эскертүү берген.

XS
SM
MD
LG