Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Абактагы орус оппозиционери Владимир Кара-Мурзаны кайрадан шарты катаал айып изоляторуна которушту


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Орусияда 25 жылга эркинен ажыратылган оппозиционер Владимир Кара-Мурза абак эрежесин бузуу тууралуу айып менен камералык типтеги өзүнчө жайга которулганы белгилүү болду. Жактоочусу Мария Эйсмонт 30-январда билдиргендей, аны түрмө кызматкерлери ойготкон учурда дароо тура калбаганы үчүн «чектен чыкты» деп айыптап, жазалоочу өзүнчө жайга 26-январда которушкан. Бул жайда эми ал төрт ай отурушу керек болот.

Мамлекетке чыккынчылык, армия тууралуу фейк жана «туура эмес» уюмда иштеген деген айыптар коюлган саясатчы жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөөдө. Саясатчы ар кандай себеп менен айып изоляторуна буга чейин да отуруп чыккан.

Владимир Кара-Мурзага каршы кылмыш иши 2022-жылдын апрель айында козголгон. Анын АКШда Аризона штатында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып «орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо» деген мазмундагы сөзү Орусияда «саясий жек көрүүчүлүктүн айынан орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратуу» деп бааланган. Кийин ага башка да айыптар тагылган. 2023-жылдын 17-апрелде саясатчы катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Өзү тагылган айыптардын баарын эч негизсиз деп атап келет.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес. Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Крымды аннексиялап алган.

2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан. (RK)

XS
SM
MD
LG