Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

Мадумаровдун иши: Сотто Казакбаев, Сулайманов көрсөтмө берип жатат


Руслан Казакбаев, Нурлан Сулайманов жана Эмил Шерматов сотто. (солдон оңго карай) Сүрөт Интернеттен алынды.
Руслан Казакбаев, Нурлан Сулайманов жана Эмил Шерматов сотто. (солдон оңго карай) Сүрөт Интернеттен алынды.

30-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук отурум болуп жатат.

Фракциянын катчылыгы соттук жараянга Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Нурлан Сулайманов, президенттин иш башкармасынын мурунку биринчи орун басары Эмил Шерматов келип, күбө катары көрсөтмө берип жатканын билдирди. Жараян жабык өтүүдө.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаровду былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен аны милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG