Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Кыргызстанда маңзатты интернет аркылуу сатуу жайылып жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу ал парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 30-январындагы жыйынында баяндама жасады. Депутат интернет аркылуу маңзат сатууну уюштургандарды кармоо кыйын болуп жатканын, алардын уюштуруучулары чет өлкөдө экенин белгиледи.
Мындан тышкары маңзат соодагерлери борбор калаадагы имараттарга боёктор менен синтетикалык заттарды жарнамаларды жазып жатканын айтты.
“Алардын маркетологу да бар экен. Алар маңзатты калктын кайсы катмарына сатса болорун изилдеп чыгышат. Куратору да бар. Орусиядагы жагдайды изилдеп чыксам, аларда да биздикиндей эле экен. Бул тизмеде эң акыркы турганы “закладчик”. Алар тез арада көп акча табам деген адамдар болот. Буйрутма түшкөндөн кийин алар маңзатты бир жерге калтырып, кардарга сүрөтүн салып коёт”, - деди Алиев.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жыйында соңку жылдары синтетикалык каражаттарды жайылтуу чоң маселеге айланганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, былтыр бул боюнча 1 миң 314 кылмыш иши козголуп, 825 киши жоопко тартылган. Мындан тышкары маңзат соодасын жүргүзгөн 13 интернет дүкөнү жабылган.
Абдиев күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок эле сатууга айып пул салуу гана каралганын, эми бул жааттагы чараларды күчөтүү боюнча сунуш берилерин айтты.
Кыргызстанда интернет аркылуу маңзат соодасын жүргүзгөндөр көбөйгөнү буга чейин айтылып, коомчулукта кызуу талкууланган. Былтыр апрель айында интернет аркылуу сатылган маңзаттарды жеткирип иштеген кишилердин сабалганы тартылган видео тараган. ИИМ бул факты боюнча териштирүү башталганын, кийин үч жаран кармалганын билдирген.
Кылмыш-жаза кодексинде маңзат соодасына аралашкандарга мүлкүн алып коюу менен он жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.
ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылы 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган.