Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Аба ырайы: кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 31-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Көпчүлүк аймактарда туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-2;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1 градус, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, ал эми күндүз -6...-11;.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13° градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…-3 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG