Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын транспорт тармагына 150 млн евро бөлөт


Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн меморандумга кол коюлду. Брюссел, 2024
Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн меморандумга кол коюлду. Брюссел, 2024

Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда жалпы суммасы 150 млн еврону түзгөн меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу 30-январда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Каражат өлкөдөгү транспорт тармагындагы долбоорлорду каржылоого жумшалат. Меморандумга кол коюу аземи Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча алгачкы Global Gateway инвесторлор форумунун алкагында болду.

Расмий маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, транспорт, байланыш жана жол министри Тилек Текебаев Бельгияга жумуш сапары менен барган. Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорт тармагындагы кызматташуусу активдүү жүрүп жатканын белгилеген.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жол инфратүзүмүн түзүүгө жана курууга эл аралык уюмдардан 2 млрд 666 млн доллар каражат алган. Анын 2 млрд 360 миллиону насыя, калган 11% грант түрүндө алынган. Бул тууралуу 26-январда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев билдирген. Анын айтымында, бул каражатка 2 680 чакырым жол салынган.

Жогорку Кеңеште буга чейин насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканын тууралуу сын-доомат айтылган. Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG