Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Кыргызстанда төрт ирет жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип билдиргендей, 30-январь саат 4:27де Кытайда очогунда күчү алты баллга жеткен жер титирөө болду. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Бедел айылында беш баллга чейин сезилди.

Жер титирөө ушул эле күнү саат 7:44тө кайталанып, Кытайда очогунда 4,5 баллга жетсе, Бедел айылында 3,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөө саат 10го жакын кайра кайталанды.

Саат 11лерде Ош облусунда жер силкинип очогунда күчү 3,6 баллга жетти. Жер титирөө Алай районунун Мурдаш, Сопу-Коргон айылдарында жана Кара-Суу районунун Тээке, Лаглан айылдарында үч баллга чейин жетти.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жер титирөө катталган аймактарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жарандык коргонуу комиссиясы менен чогуу тактоо иштерин жүргүзүүдө.

23-январга караган түнү Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында беш балл, Бишкекте төрт балл, Ташкентте үч балл болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG