Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Кыргызстанда жердин сейсмологиялык жаңы картасы түзүлөт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Кыргызстандын Илимдер академиясы сейсмологиялык аймактарды изилдеп, анын алкагында жаңы карта түзүлөт. Бул үчүн каражат бөлүнгөнүн 30-январда Парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов норма жана эрежелерге ылайык өлкөдөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр канча баллдык жер титирөөгө туруштук бере аларына кызыкты. Иманакун уулу жердин кыртышына жараша 8-9 баллга чейин туруштук бере аларын белгиледи.

"Бул жердин кыртышына жараша болот. 8 баллдан 9 баллга чейин. Бизде сейсмологиялык карта бар. Мисалы, магистралдан жогору 8 балл деп көрсөтүлгөн. Ошого жараша атайын программанын алкагында конструкция кабыл алынгандан кийин гана курулуп баштайт. Сейсмологиялык аймактар дагы өзгөрүп турат экен. Азыр Илимдер академиясына акча бөлүнүп, жаңыдан изилдөө жүргүзүп жатат. Мисалы, мындан 5-10 жыл мурда 8 балл деп көрсөтүлсө, азыр 7 балл болуп калган, кээ бир жер 7 балл десе азыр 9 балл болуп калган. Бул механизм жердин астында жылып турат. Ушул жер 9 балл болду, өмүр бою ушундай калат деген туура эмес", - деди Иманакун уулу.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын иши тууралуу маалымат укту. Комиссия былтыр жазында Түркиядагы ааламаттан кийин түзүлүп, курамына депутаттар дагы кирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов комиссиянын ишине нааразылыгын билдирип, бул маселени кайрадан карап чыгууну сунуштады.

23-январга караган түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында 5 балл, Бишкекте 4 балл, Ташкентте 3 балл болгон.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл болуп сезилгенин кабарлаган.

Министрлик силкинүүнүн кесепеттерин аныктоо максатында жарандык коргонуу комиссиясын түзгөн. Жер титирөөдөн кийин Мамлекеттик курулуш агенттигине 100дөй кайрылуу келип түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG