Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Израил чалгын кызматы БУУнун кызматкерлеринин арасындагы согушкерлер тууралуу маалыматты чогултту


Газа сектору.
Газа сектору.

Европа Биримдиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) UNRWA (Жакынкы Чыгышта палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу) агенттигинин ишин тез арада текшерүүнү талап кылды. Дүйшөмбү күнү Еврокомиссиянын өкүлү агенттиктин каржылоосун карап чыгуу керектигин билдирди.

Мунун алдында Израил агенттиктин айрым кызматкерлерин ХАМАСтын (АКШ, Британия жана ЕБда тыюу салынган) 7-октябрдагы кол салуусуна катышкан болушу ыктымал деп айыптаган.

Еврокомиссиянын билдирүүсүндө Евробиримдиктин аткаруу бийлиги Жакынкы Чыгышта палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигин каржылоо боюнча алдыдагы чечимдерди анын кызматкерлеринин октябрдагы теракттарга катыштыгы бар деген олуттуу айыптоолорду эске алуу менен чечери айтылат.

"Ошол эле учурда Газа жана Батыш жээктеги палестиналыктарга гуманитардык жардам көрсөтүү өнөктөш уюмдар аркылуу улантылат, - деп белгиленет билдирүүдө.

Reuters агенттиги таанышып чыккан Израил чалгын кызматы чогулткан маалыматтарда уюмдун 190го жакын кызматкери, арасында мугалимдер ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) же «Ислам жихадынын» согушкери болгону тууралуу маалымат бар. Алардын 11инин аты-жөнү жана сүрөтү тиркелген.

Палестиналыктар Израилди Жакынкы Чыгышта палестиналык качкындарга жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигин каралоо максатында маалыматтарды бурмалаган деп айыптоодо.

Израилдин тышкы иштер министри агенттиктин башчысы Филипп Лаззарини кызматтан кетиши керек экенин билдирди.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат.

XS
SM
MD
LG