Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:30

Бектур Асанов ЖАКтын №31 дарылоо мекемесине которулду


Бектур Асанов. (сол жакта) 2022-жыл.
Бектур Асанов. (сол жакта) 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган оппозициялык саясатчы Бектур Асанов Улуттук госпиталдан Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесине которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди.

Бектур Асановго 15-январда Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалган. Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы ооруканага 10-январда которулган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 12 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG