Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

ЕБ элчилери Орусиянын эсеби жабылган активдеринен түшкөн кирешени конфискациялоону колдоду


Евробиримдиктин элчилери Орусиянын жабылган активдеринен түшкөн каражатты Украинаны калыбына келтирүүгө колдонуу боюнча Еврокомиссиянын сунушун алдын ала колдошту. Бул тууралуу Евробиримдиктин Бельгиядагы төрагалыгы билдирди.

"Евробиримдиктин элчилери эсеби жабылган активдерден түшкөн каражатты Украинаны реконструкциялоого колдонуу сунушу боюнча принципиалдуу макулдашышты", - деп жазылат тараган маалыматта.

"Азаттыктын" орус кызматынын европалык кабарчысы Рикард Йозвяк билдиргендей, эсеби жабылган орус активдеринен түшкөн кирешелер которула турган өзүнчө эсеп ачуу макулдашылды.

"Эми кийинки кадамды макулдашуу маселеси турат, акчаны Украинага жөнөтүүгө байланыштуу", - деп кошумчалады Йозвяк.

Буга чейин АКШ Сенатынын тиешелүү комитети Орусиянын санкцияларынан улам эсеби жабылган активдерин конфискациялоо боюнча мыйзам долбоорун колдогон. Долбоор кабыл алынса, АКШ Орусиянын аскерий агрессиясынан кийин келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн бул активдерди Украинага өткөрүп бере алат. Долбоор күчүнө киргенден кийин, бул АКШ өзү согушпаган өлкөгө тийиштүү активдерди биринчи жолу конфискациялай алат.

Москва өз кезегинде орусиялык активдер конфискацияланса, жооп болорун айткан.

2022-жылы февралда Украинага согуш ачкандан кийин Орусиянын Борбордук банкынын 300 млрд долларлык резервинин четтеги эсеби жабылган. Санкцияга кабылган орус активдеринин басымдуу бөлүгү Европада. Европ Биримдигине кирген өлкөлөр азырынча аларды конфискациялоо боюнча юридикалык механизмдерди иштеп чыга элек. Бирок андан түшкөнк ирешени Украинага өткорүп берүүнүн жолдорун караштырууда

XS
SM
MD
LG