Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:09

Кытай жапон жарандарынын визасыз каттамына жол ачууга даяр экенин билдирди


Кытай. Иллюстрациялык сүрөт.
Кытай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай жапон жарандарынын визасыз каттамына кайрадан уруксат берүү маселесине олуттуу көңүл буруп, изилдеп чыгууга даяр экенин билдирди. Бүгүн 29-январда өткөн пресс-конференцияда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнбин расмий Бээжин эки өлкө ортосундагы каттамдарды жеңилдетүү боюнча Токио менен иштешүүгө үмүттөнөрүн айтты:

"Кытай чет элдиктердин, анын ичинде Жапониянын жарандарынын өлкөбүзгө кирүүсүн жеңилдетүүгө дайыма олуттуу көңүл буруп келет. Жапония менен визасыз каттоого кайрадан уруксат берүү маселесин кылдат изилдеп чыгат. Бул жааттагы биргелешкен ишибиздин башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз».

Ван Вэнбин бул тууралуу журналисттердин Тайланддын жарандарына уруксат берилгени, ал эми Жапония боюнча маселе качан чечилери тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Чектөө COVID-19 пандемиясынан кийин киргизилген. Ага дейре Жапониянын жарандары Кытайда 14 күн визасыз жүрө алышчу. (RK)

XS
SM
MD
LG