Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:57

Тергөөчү келбегендиктен Олжобай Шакирдин соту 14-февралга жылды


Олжобай Шакир сотто. Архив.
Олжобай Шакир сотто. Архив.

29-январда Аламүдүн райондук сотунда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) иши боюнча соттук отурум болбой калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирип, кийинки жараян 14-февралга дайындалганын айтты. Анын сөзүнө караганда, сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү келбегенине байланыштуу башка күнгө жылды.

“Ал күбө катары көрсөтмө бермек. Экспертизаны дайындаган тергөөчү материалдарды жиберген. Ал экспертизага Олжобай Шакирдин кайсы видеолорун, материалдарын бергени белгисиз болуп жатат. Бул иштин материалдарында да жок”, - деди адвокат.

Олжобай Шакир былтыр 23-августта кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгогон. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат.

6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы "бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2024-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG