Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:04

Тажикстанда кыргыз жараны "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген негизде кармалууда


Кыргыз-тажик чек ара аймагындагы жол. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек ара аймагындагы жол. Архивдик сүрөт.

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 29 жаштагы тургуну былтыр 12-декабрда тажик чек арачылары тарабынан кармалганы белгилүү болду.

Аны тажик тарап "чек арадан мыйзамсыз өткөн жана мыйзамсыз жүк ташыган" деген жүйө менен кармап кеткен. Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев ал жаран боюнча сүйлөшүү болорун билдирди:

"Жакын күндөрү Тажикстандын Исфара районунун акими менен жолугушууда бул учур талкууланып, кошумча маалымат алабыз", - деди ал

2021-жылы апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын толугу менен бир тараптуу жапкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG