Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Кыргызстанга мыйзамсыз норка тумак ташыган факт аныкталды


Кыргызстанга ташылып келаткан норка тумактар. Сүрөт салык кызматыныкы. 2024, январь. Ош
Кыргызстанга ташылып келаткан норка тумактар. Сүрөт салык кызматыныкы. 2024, январь. Ош

Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн биринен мыйзамсыз норка тумак ташып кирүү фактысы аныкталды. Салык кызматы 29-январда билдиргендей, чет өлкөлүк жаран 152 даана норка тумакты алып өтүүгө аракет кылган. Шектүү "Ош" эл аралык аэропортунан кармалып, текшерүү учурунда товарга тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

Салык кызматы товарды топтолгон материалдарды мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берди.

Учак менен кымбат баалуу буюмдарды тийиштүү документи жок, мыйзамсыз ташууга байланыштуу фактылар буга чейин дагы катталган.

Өткөн жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандан алтын буюмдарын аткезчилик жол менен чыгарууга аэропорттун кызматкерлери көмөктөшүүгө шектелип жатканын билдирген. Маалыматка караганда, шектүүлөр алтын буюмдарын Индияга мыйзамсыз ташып жүрүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG