Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:37

Балет жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгы белгиленди


Чолпонбек Базарабевдин 75 жылдык мааракеси белгилинди. 26-январь, 2024. Бишкек
Чолпонбек Базарабевдин 75 жылдык мааракеси белгилинди. 26-январь, 2024. Бишкек

СССРдин эл артисти, белгилүү балет бийчиси, маркум Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгы 26-январда Бишкекте белгиленди. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөн иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ал Базарбаев - Борбор Азияда эркектер арасынан балет өнөрүндөгү жападан жалгыз СССРдин Эл артисти наамын алган гениалдуу, өзгөчө таланттуу балет бийчиси болгонун белгиледи.

“Ал улуттук театралдык, хореографиялык искусствонун калыптанышына, көчмөн кыргызда балет өнөрүн – классикалык деңгээлине чыгарып, аны руханий мурас катары өнүгүшүнө эгебейсиз зор салым кошкон инсан", - деди ал.

Иш-чарада театрдын солисттери жана балет артисттери, Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары, Н.Түгөлов атындагы "Ак марал" бий ансамблинин артисттери өнөрлөрүн тартуулашты

СССРдин эл артисти, бир нече эл аралык сыйлыктардын лауреаты Чолпонбек Базарбаев өмүрүнүн акыркы мезгилинде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын жетектеп турган.

1993-1996-жылдары Кыргызстандын маданият министри, 1996-1998-жылдары билим берүү, илим жана маданият министринин биринчи орун басары, Маданият департаментинин директору кызматтарын аркалаган. Ал 2002-жылы 2-сентябрда Чоң-Арыкка бараткан жолдо авто кырсыкка учурап, 53 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG