Борбор Азиядагы сейрек металлдарды жашыл энергияда, курал-жарак чыгарууда пайдаланса болот.
АКШ Кытайдын сейрек кездешчү жер элементтери жаатындагы монополиясына чекит коюу үчүн бул чөйрөдө Борбор Азия менен кызматташууга тийиш. Ушундай мазмундагы материалды 25-январда “Америка авазы” радиосу Эл аралык салык жана инвестициялык борборунун отчетунун негизинде басып чыгарды.
Америкада жайгашкан уюмдун маалыматына караганда, сөз болгон металлдар менен минералдар жашыл энергияда жана жаңы курал-жарактардын системаларын чыгарууда, башка алдыңкы технологияларда абдан маанилүү. Отчетто “ошол минералдарды пайдалануу кеңейип, геостратегиялык жана геоэкономикалык чыңалуу курчуп жаткан маалда алар үчүн глобалдык атаандаштык да өсөрү” айтылат.
Андан ары Кытай сейрек элементтердин кендери жагынан дүйнөдө биринчи орунда турганы, азырынча борбор азиялык өлкөлөрдөн аларды алуунун зарылдыгы жоктугу белгиленет. Бирок кошуналарынын темирден баштап уранга чейинки байлыктары бара-бара Бээжинди кызыктырышы мүмкүн.
Алсак, мунайга бай Казакстанда хромдун ири запастары бар, уран кендери жагынан өлкө дүйнөдө экинчи орунду ээлейт.
Отчеттун авторлорунун бири Ариел Коэн белгилегендей, жаратылыш ресурстарын иштетүү үчүн инвестицияларды тартуу менен экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү Борбор Азиянын өкмөттөрүнөн көз каранды болмокчу.
Эксперттер санап чыккандай, казак талааларында, Тянь-Шань тоолорунда, Кыргызстан, Өзбекстандан баштап Тажикстандагы Памир тоолоруна чейин монацит, пирохлор, апатит, циркон, алланит жана колумбит сыяктуу сейрек металлдар менен минералдардын ири запастары табылган.
2016-жылы АКШнын Геологиялык изилдөөлөр кызматы региондогу андай кендердин тизмесин чыгарган. Ага ылайык, Казакстанда 160, Өзбекстанда – 87, Кыргызстанда – 75 жана Тажикстанда 60 кен бар болчу.
Америкалык адистер Борбор Азиянын ал элементтерди Кытайга таянбастан өз алдынча иштетүү мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет. АКШнын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Жон Хербсттин пикиринде, сейрек минералдар менен металлдар Батыштын аймактагы кызматташуусунун дагы бир тармагы боло алат.
Ал эми Кошмо Штаттардын Соода министрлигинин кеңешчиси Сурия Эванс-Притчард Жаянтинин айтымында, регион инвестицияларды тартууга умтулат.
“Бул – өнүгүү мүмкүнчүлүгү. Орусия Украинага басып киргенден кийин энергия чөйрөсүндө геостратегиялык өзгөрүүлөр башталган чакта, жашыл энергияга өтүү жараянында бул абдан маанилүү”, - деп белгиледи Жаянти.
Коэн "Борбор Азия бул тармакта аракеттерин тездетиши керек, анткени Африка, Латын Америкасындагы жана башка аймактардагы өлкөлөрдүн атаандаштыгы да өсүүдө” деген ою менен бөлүшөт.
Москванын дезинформация өнөктүгүнүн бутасына айланган Франция
Париж Орусияны Франция тууралуу жалган маалымат таратып жатканы үчүн айыптады. Француз Куралдуу күчтөрүнүн министрлиги 26-январда жасаган билдирүүдө координацияланган андай аракеттерге мамлекеттик Sputnik News, RT жана РИА "Новости" өңдүү маалымат каражаттары катышып жатканын белгиледи. Министрлик өлкө Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери “дезинформация кампаниясынын” бутасы болуп келгенин, президент Эммануэл Макрон январдын ортосунда Киевге жардам көбөйтүлөрүн жарыялагандан бери андай иштер күчөтүлгөнүн кошумчалады.
Бул тууралуу франциялык бир катар басылмалар, агенттиктер кабарлады.
Liberation Куралдуу күчтөр министрлиги франциялык жалданма согушкерлердин Украина тарапта күрөшүп жүргөнү тууралуу кабарларды төгүнгө чыгарганын, январдын ортосунда Москва Харьковдо жок кылынган 60 чакты согушкердин көбү франциялыктар болчу деген маалымат таратканын жазды.
Макалада баяндалгандай, 16-январда Франциянын мамлекет башчысы Эммануэл Макрон “Орусиянын жеңишине жол бере албайбыз” деп, Украинага курал-жарактын жаңы партиясы берилерин жарыялаган. Эртеси орус Коргоо министрлиги Харьковдогу турак жайга сокку урулганын, ал жайда “жалданма согушкерлер, көбү француз жарандары убактылуу жайгашканын” билдирген.
22-январда “Москванын жалган маалымат таратуу кампаниясы улантылып”, орус Телеграм-каналдарда ошол сокку учурунда өлтүрүлгөн делген франциялыктардын аты-жөнү жазылган тизме” тарай баштаган. Француз Куралдуу күчтөр министрлиги айрым ысымдар 2022-жылы, согуштун алгачкы жумаларында эле аталганына көңүл бурат.
24-январда Sputnik News Франция менен Италия Украинага берген SAMP-T системасы жок кылынганын кабарлаган. Бирок Париж Орусиянын кеп болгон бир да маалыматын тастыктаган эмес.
Гезит андан ары дипломатиялык булактарга шилтеме менен жазгандай, украин армиясынын катарына кошулган чет өлкөлүк ыктыярчылар аз эмес. Орусия айткан француздардын кээ бирлери, балким Украинанын Эл аралык легионуна кирген. Муну менен бирге ошол тизмедеги айрым ысымдар ойлоп табылган.
Liberation Москва “жалданма согушкер” деген сөздү бекер жеринен тандабаганына басым жасайт. Себеби Франциянын мыйзамары жалданмачылыкка тыюу салат. Башка өлкөдөгу куралдуу жаңжалга катышуу үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу же 75 миң евро айып пул каралган. Бул терминди ошондой эле француздар “Вагнер” тобуна байланыштуу пайдаланат. Париж "вагнерчилерди" жылдар бою Африкадагы мыкаачылык жана согуш кылмыштары үчүн айыптап келди.
Өзбекстан дары-дармектин жарнамасын катуу көзөмөлдөйт
Eurasianet сайты жазганына караганда, Өзбекстан жөтөлгө каршы сироптон ондогон наристе чарчап калгандан кийин дары-дармек менен түрдүү биологиялык активдүү кошулмалардын жарнамасын чектөө аракеттерин көрүп жатат.
Президент Шавкат Мирзиеевдин токтому менен 1-июлдан тартып телеканалдар менен радио дары-дармекти Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты менен гана жарнамалай алат.
Фармацевтикалык компаниялар препараттар сакталчу кампаларды жалпы кабыл алынган стандарттарга ылайык курууга милдеттүү болот. 2026-жылдан баштап андай сертификаты жок кампаларда дары-дармек кармоого тыюу салынмакчы.
Макалада айтылгандай, Өзбекстанда медициналык препараттарды ташуу жана сактоо жолдоруна 2022-жылдын аягынан бери жакындан байкоо салып келатышат. Ал жылы дарыгерлер жазып берген DOK-1 Max сиробунан кеминде 65 бала чарчап калганы кабарланган. Алардын көбү 3 жашка чыга элек болчу.
Бузулуп кеткен дарыны чыгарган индиялык Marion Biotech компаниясы ошондо Өзбекстанга 20 миң бөтөлкө сироп жеткирилгенин билдирген. Бирок канчасы сатылганы азыркыга чейин беймаалым.
Ал окуяга байланыштуу ачылган кылмыш иштин алкагында ушу тапта 21 киши сот жообуна тартылды. Алардын бири Сардор Кариев Фармацевтикалык өнөр жай агенттигин жетектечү.
Дарыны импорттогон Quramax Medikal компаниясынын башчысы Рагвендра Пратар Сингх сотто продукцияны текшерүүдөн өткөрбөө үчүн агенттиктин өкүлдөрүнө 33 миң доллар пара беришкенин айткан. Андан тышкары DOK-1 Max сиробун жазып берип турган дарыгерлерге, медайымдарга, фармацевттерге такай акча төлөп турушканы ачыкка чыккан.