Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Кызыл-Кыядагы лицейде окуучуну сабаган делген мугалим кармалды


Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.
Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.

Баткен облустук милициясы “Сапат” билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуларга күч колдонгон деп шек саналган 35 жаштагы мугалим кармалганын билдирди. Мекеменин 25-январда тараткан маалыматында бул окуя боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганы айтылат.

Социалдык тармактарга тараган видео боюнча окуяны Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү 24-январда каттоого алып, текшерүү иштерин баштаган.

“Текшерүү иштеринин жүрүшүндө видео тасмага түшкөн 35 жаштагы Г.О. аттуу мугалим 2024-жылы 22-январь күнү саат 22:30дар чамасында 16 жаштагы окуучу уктоочу бөлмөдө достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн аны коридорго алып чыгып, бетине колу менен ургандыгы маалым болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Милиция учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, тергөө иштери башталганын кошумчалады.

Мунун алдында “Сапат” билим берүү мекемеси билдирүү таратып, окуучуларга кол көтөргөн мугалим менен лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жумуштан алынганын билдирген. Ал эми директордун жоопкерчилиги “Сапаттын” башкы башкармалыгынын педагогикалык чукул жыйынында каралары жазылган.

Билим берүү жана илим министрлиги бул окуяны териштирүү боюнча комиссия түзүлөрүн, иш Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө экенин маалымдаган.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Сапат" эл аралык билим берүү мекемелери мыкты мектеп катары белгилүү. Анын окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып жүрөт.

Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында "Себат" лицейин "Сапат" деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган. “Сапаттын" өлкө аймагында ондогон лицейлери, бир университети бар.

XS
SM
MD
LG