Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:20

Казакстан: Абактагы активист Жыланбаев ачкачылык жарыялады


Марат Жыланбаев сот залында. 31-октябрь, 2023-жыл
Марат Жыланбаев сот залында. 31-октябрь, 2023-жыл

Катталбаган оппозициялык “Алга, Казакстан!” партиясынын лидери, камакта отурган Марат Жыланбаев СИЗОдо мөөнөтсүз ачкачылык баштай турганын жарыялады. "Азаттыктын" казак кызматы адвокаты Меиржан Доскараевге шилтеме жасап жазгандай, муну менен активист өзүнө карата сот өкүмү күчүндө калышына каршылык билдирүүдө.

Жыланбаев ушу тапта Астанадагы тергөө абагында отурат. Адвокаттын айтымында, ал жабык жайдын жетекчилигине ачкачылык кармай турганын кабарлады, азыр суу гана ичип жатат.

29-ноябрда Жыланбаев “экстремисттик уюмду каржылаган жана анын ишмердигине катышкан” деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылган. 19-январда Астана шаарынын соту ал өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Былтыр майда марафонго адистешкен 60 жаштагы атлет административдик иш боюнча камакка алынган. Кийин ага «тыюу салынган уюмдун ишмердигине катышуу», «экстремисттик уюмду каржылоо» беренелери менен кылмыш иш козголгон.

Жыланбаев казак бийлигин сындап, тынч акцияларга катышып жүргөнү менен белгилүү. Ал тагылып жаткан күнөөнүн баарын четке кагууда. Активист жана санаалаштары иштин артында саясий жүйө турат деп эсептешет.

Укук коргоочулар соттук териштирүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешет.

Жыланбаев ноябрда соттун ачык өтүшүн талап кылып, ачкачылык кармаган.

XS
SM
MD
LG