Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Президент Жапаров 2020-жылы Көлбаев Сапар Исаковду колдогонун айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде журналисттин “2020-жылдагы Октябрь окуясында кылмыш чөйрөсүнүн аталыгы аталган Камчы Көлбаев сизге ошол күндөрдө колдоо көрсөткөнүн соцтармакта жазгандар болгон. Ошол окуяларда Көлбаев чын эле сизди колдоду беле?” деген суроосуна жооп берди. Жапаров президенттик кызматка киришкенинин үч жылдыгын утурлай берген кыскача маегинде бул суроого төмөнкүдөй жооп берген:

“Жок. Ал мени колдогон эмес, ачык эле айтайын, Сапар Исаковду колдогон. “Криминалдар Садыр Жапаровду колдоп атат” деген жалган маалыматты ошол мезгилдеги менин оппоненттерим жана “Азаттык” тараткан. Алардын планы мени элге жаман көрсөтүп, шайлоого чейин оюндан чыгарыш болчу. Бирок 10-15 жыл мурдагыга караганда 2020-жылы элдин көзү ачылып калган эле. Андай ушактарга ишенбей калышкан. Кандай маалымат болбосун, өздөрү талдап, тактап, чын-бышыгын билип алышчу. Жыйынтыгында көпчүлүк эл менин талапкерлигимди колдоп, президенттик кызматка шайланып калдым”, - деген Жапаров.

Садыр Жапаров Октябрь окуясында Көлбаев мурдагы премьер-министр Исаковду колдогонун, буга жетиштүү далилдер бардыгын кошумчалаган.

Президент “Азаттыктын” кайсы материалы тууралуу сөз кылганын тактаган жок.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу ар кандай басымга жана таасир көрсөтүү аракетине карабастан көз карандысыз журналистиканын эң бийик стандарттарын сактап, фактыларга таянып, окуяны чагылдырууну көздөйт. "Азаттыктын" журналисттери айың кепке же такталбаган маалыматка таянган маалыматты обого чыгарбайт жана жарыялабайт.

“M-Vector” консалтинг компаниясынын 2023-жылы жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында Кыргызстанда “Азаттык" интернет ресурстары эң көп окулган жана көрүлгөн медиа деп табылган. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 7% күн сайын жана жума сайын "Азаттыктан" маалымат алып турарын билдирген.

"Азаттык" радиосунун социалдык тармактагы баракчалары Кыргызстандагы эң көп окулган жана көрүлгөн медиа платформалардын сабында турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG