Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Төрөбаев быйыл мерчемделген айыл чарба долбоорлорун атады


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев быйыл ишке аша турган айыл чарба долбоорлорун тизмектеди. 23-январда ал өкмөттүн жыйынында билдиргендей, суу ресурстары, айыл чарба багытындагы үрөнчүлүк, көчөт, тоют, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачуу жана экспортту жогорулатуу боюнча негизги төрт багыттуу план түзүлгөн.

“Биз чакан суу сактагычтарды курабыз. Анын жанына тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизебиз. Ал жерден дыйкандар өзүнүн айдоо аянтына суу алат. Биз алгач дыйкандардан эмне эгерин сурайбыз. Ошол жерге кайра иштетүү киргизилип, андан кийин экспортко чыгууну көздөйбүз. Анын баары банктын коштоосунда болот. Ар бир кыймылын банк көзөмөлдөп, ар бир тыйынына чейин карап чыгат. Ошондо ал долбоорлордун айланасында окумуштуулар керек болот. Ошол себептүү ректорлорду ар бир долбоорго катышып, сунуш берүүгө чакырам”, - деди Төрөбаев.

Ал ошондой эле өлкөнүн ички керектөөсүн камсыздоо үчүн Чүй облусунда сыйымдуулугу 60 миң тонна картошка сактоочу ишкана куруларын маалымдады. Мындан тышкары ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория ачылып, кездеме чыгаруу, сүт, мал этин, тоок этин өндүрүү жана дан азыктарын иштетүү жаатында да долбоорлор бар экенин кошумчалады.

Бишкекте президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн, акимдердин, мэрлердин жана жогорку окуу жайлардын ректорлорунун катышуусунда айыл чарба, өндүрүш тармагында пландарды талкуулаган жыйын 22-январда башталат, 26-январда аяктайт.

Бакыт Төрөбаев буга чейин быйыл да суу тартыштыгы болорун белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн буга даярдык көрүүгө чакырган.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда сугат суу тартыштыгы байкалууда. Былтыр да сугат мезгили башталгандан тартып жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан. Сокулук районундагы Селекция жана Сары-Өзөн, Орок айылдарынын жана Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургундары быйыл жайында таза суу берилбей калганына нааразы болуп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG