Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

НАТО артиллериялык курал-жарак сатып алууга 1,1 млрд евро бөлөт


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТО 1,1 миллиард еврого артиллериялык курал-жарак сатып алуу тууралуу келишим кабыл алынганын, снаряддардын бир бөлүгү Украинага бөлүнүп берилерин бүгүн 23-январда Брюсселде өткөн пресс-конференцияда уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Анын айтымында, келишимге бир нече өлкөнүн атынан кол коюлду, алар Украинага снаряд беришет же өзүнүн азайган запастарын толукташат.

«Биз азыркы тапта НАТО боюнча кайсы бир союздашыбызга карата кандайдыр бир түз коркунуч көргөн жокпуз. Албетте, Орусиянын аракеттерине кылдат көз салуудабыз. Сактыгыбызды күчөтүп, альянстын чыгыш жагын бекемдеп жатабыз. Негизги максат – НАТО боюнча союздаштарга кандай гана кол салуу болбосун, алдын алуу», - деди Столтенберг.

Артиллериялык куралдан 220 миң жолу атууга эсептелген снаряддар 2025-жылдын башында берилет. Алардын өндүрүшү менен франциялык Nexter же германиялык Junghans алектенет.

2022-жылдын февралында кошунасы Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылып, күрөшүп келаткан Украина курал-жарактан кыйналып жатканы соңку кезде көп айтыла баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG