Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Бишкекте тоо лыжасы боюнча мелдеш уюштурулат


Лыжа мелдешинин афишасы. Бишкек.
Лыжа мелдешинин афишасы. Бишкек.

28-январда Бишкектин четиндеги "Политех" лыжа базасында тоо лыжасы - слалом-гигант боюнча мелдеш өтөт. Ага тоо лыжасы боюнча машыктыруучулар жана үйрөткүчтөр катышат.

"Лыжа жана сноуборд үйрөткүчтөр ассоциациясынын" маалыматына караганда, мелдеште лыжачылар өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүшөт.

"Жаш курактары боюнча эки топко бөлүнгөн оюнчулар татаал тилкелерде өздөрүнүн ылдамдыгын, чеберчилигин жана башка ыкмаларынын жогорку деңгээлин көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөргө баалуу байгелер берилет", - деп билдирди ассоциация.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө мелдеш Кыргызстанда тоо лыжасын жайылтууну көздөйт.

Тоо лыжасы - гигант слалом мелдеши боюнча лыжачылар Евгений Тимофеев жана Дмитрий Трелевский 2014-жылы Сочи олимпиадасына катышкан.

Кыргызстанда кышкы туризм үчүн тоо лыжасы башкы орунда турат.

Эл аралык сурамжылоолор боюнча, Кыргызстан 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин ичинен кышкы эс алууга ыңгайлуу делген үч өлкөнүн бири деп табылган.

ТурСтат маалымат тутуму "Кыргызстанда кышында туристтерди Каракол лыжа базасы менен Бишкектин чет жакасындагы тоолор, ошондой эле Ысык-Көлдүн Тамга тарабы өзүнө тартып турат" деп жазган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG