Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Түштүк Кореяда иштеп келген кыргызстандыктар пенсиялык топтомун алышты


Түштүк Кореяга иштегени бараткан кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Түштүк Кореяга иштегени бараткан кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Түштүк Кореяда иштеп келген 78 кыргызстандык жаран пенсиялык топтомдорунун бир жолку төлөмүн алышты.

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, жалпысынан Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомунун бир жолку төлөмүн алуу үчүн 87 адам кайрылган. Дагы 9 адам чечимди күтүп жатат.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо көлөмү 4200 долларды түздү.

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөрүнүн ортосунда мигранттардын пенсиясы боюнча меморандум түзүлгөн. Ага ылайык, Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктардын айлык акысынын 8% топтомо пенсиялык фондго кармалат. Мигрант Кыргызстанга кайтаарда топтомо пенсиялык фондго которулган акчасын алууга укуктуу.

Кыргызстандык мигранттардын иштеген акысынан пенсиялык фондго чегерүү менен алардын келечек пенсиясын камсыздоо системасы Түркия менен да жолго коюлган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG