Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Караколдо кызыл китеп талап кылган жарандар митингге чыкты


Каракол. Иллюстрациялык сүрөт.
Каракол. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун бир канча тургуну жер мунапысы боюнча үйлөрүнө кызыл китеп ала албай жатканын айтып, митингге чыгышты.

23-январда Каракол шаарындагы облустук администрациянын имаратына келип нааразылыгын билдиргендер бир канча жыл мурун мыйзамдуу түрдө алган жерлерге турак жай курууга уруксат берилбей жатканын белгилешти.

“Турмуш” сайты жарыялаган видеодо тургундар тиешелүү адистердин чыгып жооп беришин талап кылып жатканын, алардын жолун милиция кызматкерлери тороп турганын көрүүгө болот.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 400дөй адам чогулганын жазса, облустук бийликтин өкүлдөрү 60тай адам чыкканын “Азаттыкка” маалымдашты. Президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маселе Бишкектен, Министрлер кабинетинин деңгээлинде чечилиши керектигин билдирди. "Азаттык" азырынча митингге чыккандар айтып жаткан жерлердин макамы тууралуу маалыматтарды тактай алган жок.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

Ошол эле жылдын 15-августунда "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG