Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Алматыда жер титирөөнүн күчү беш баллга жетти


Алматы шаарынын тургундарынын көбү жер титирөөдөн кийин сыртта турушат.
Алматы шаарынын тургундарынын көбү жер титирөөдөн кийин сыртта турушат.

23-январга караган түнү Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандан тышкары Казакстанда да сезилди. «Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, жер титирегенден кийин дагы бир нече жолу силкинүү болду.

Алматынын өзгөчө кырдаалдар мекемеси саат 00:09дагы жер титирөөнүн очогу бул шаардан 264 чакырым түштүк-чыгыш жакта күчү 6,7 балл болуп катталганын маалымдады.

Алматынын өзүндө 5 баллга жетти, Шымкентте 2 балл болду.

Алматынын тургундары, айрыкча кабат үйдө жашагандар, көчөгө чыгып, жолдордо машиналардын тыгыны байкалууда.

Өзгөчө кырдаалдар мекемеси алматылыктарды дүрбөлөң түшпөөгө, ар кандай так эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, «атайын буйрук болгончо эшикте боло турууну" эскертти.

Алгачкы силкинүүдөн кийин болжол менен жарым саат өткөндө күчү 2-3 баллга жеткен титирөө болгону кабарланды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да элге кайрылып, жер титирөөгө байланыштуу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды жана жер кайрадан силкиниши ыктымал деген маалыматты четке какты:

"Урматтуу жарандар! Социалдык түйүндөрдө жер титирөөнүн кайра катталышы мүмкүн экендиги тууралуу тарап жаткан фейк маалыматка ишенбөөгө жана дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз".

Мекеменин маалыматына караганда, саат 00:09да Кытайда жер титиреп, күчү 7 баллга жетти. Жердин силкиниши Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда сезилди.

Бишкекте жердин титиреши 4-5 баллга жетти.

Андан мурдараак ӨКМ "Жердин титиреши Ысык-Көл облусунун Каракол, Нарын облусунун Нарын шаарларында, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилди" деп да маалымдаган.

Саат түнкү 1ге карата, ӨКМ билдиргендей, аталган аймактарда кыйроолор же жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.

Көпчүлүк тургундар, кабат үйлөрдө жашагандар, азыркы тапта короого чыгып турушат.

XS
SM
MD
LG