Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

Кытайда элүүдөй киши көчкү алдында калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда жер көчкүдө калгандарды куткаруу аракети көрүлүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, бүгүн 22-январда эртең мененки саат алтыларда өлкөнүн түштүк-батышындагы Юннан провинциясында жер көчүп, кеминде 47 адам көчкү алдында калды. Алардын сегизинин сөөгүн шагыл аралаш ылайдын арасынан алып чыгышты, калгандарынын тагдыры азырынча белгисиз.

Өлкө башчысы Си Цзинпин куткаруу иштерине зарыл бардык чараларды көрүүнү буюрду.

Кырсык болгон жерге вице-премьер Чжан Гоцин өзү барып, куткаруу операциясын жетектөөдө.

Кырсык болгон Чжаотун деген жер тоолуу аймакта жайгашкан. Жер көчкөндө үйлөрдө балдар жана кары-картаңдар гана болгонун, жер титиреген сыяктуу катуу добуш чыкканын жергиликтүүлөр айтып беришти.

Юннан провинциясында жер көчкү, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп катталып турат. 2013-жылы коңшу айылда жер көчүп, 18 адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG