Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:34

Орусиядагы өзбекстандыктардын “Ватандош” биримдигинин жетекчисине иш козголду


Усман Баратов
Усман Баратов

Орусиянын Тергөө комитети өзбекстандыктардын “Ватандош” биримдигинин башчысы Усман Баратовго кылмыш ишин козгоду. Буга Баратовдун жумуртка баасынын кескин көтөрүлүп кетишин сындаган социалдык тармактардагы посту себеп болду.

Былтыр декабрда Баратов тооктун сүрөтүн коюп, “Cилерге жумуртка эмес, эч нерсе жок! Короздорду фронттон кайтаргыла”-деп жазган.

Бул билдирүүгө кремлчил блогерлер көңүл бурушкан. Алар тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге биргелешкен кайрылуу жасап, өзбекстандыктардын бирикмесинин жетекчисине кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.

Көп өтпөй Баратов кармалып, тергөөнүн версиясы боюнча ал “атайын аскердик операциянын катышуучуларынын беделине шек келтирген” деп табылган. Орусияда Украинадагы согушту “атайын аскердик операция” деп аташат.

Усман Баратов өзү тооктун сүрөтү аскердик операциянын катышуучуларына эч тиешеси жок экенин билдирди.

Өз кезегинде Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстой улуттук бирикмелерди жана диаспораларды уюшкан кылмыштуу түзүмдөргө теңеп, “улуттар аралык либерализмге” чекит коюуга жана “мындай бирикмелерди жок кылууга” чакырды.

XS
SM
MD
LG