Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:41

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада өтөт


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ысык-Көл облусу. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ысык-Көл облусу. Архив

Быйыл 8-14-сентябрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Бул тууралуу маалымат Казакстандын Спорт жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Ага ылайык, бешинчи ирет өтүп жаткан Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңден ашык катышуучу келери күтүлүүдө. Анда спорттун 20 мелдештик жана 10 көргөзмө түрүнөн жарыштар өтөт.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында Астана шаарында “Көчмөндөр ааламы” этно-кыштак ачылат. Бул жерге келгендер каpак элинин жана оюндарга катыша турган өлкөлөрдүн маданияты, салты менен тааныша алат. Этно айыл күнүнө 30 миңге чейин адамды кабыл алууга ыңгайлашат.

Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ага чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

XS
SM
MD
LG