Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Акылбек Жапаров Орусиядагы иш сапарында Михаил Мишустин менен жолукту


Акылбек Жапаров (солдо) жана Михаил Мишустин. Москва. 18-январь, 2024-жыл.
Акылбек Жапаров (солдо) жана Михаил Мишустин. Москва. 18-январь, 2024-жыл.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-январда Москвага иш сапары алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат өкмөт башчынын сайтында жарыяланды.

Жолугушууда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин сүйлөштү. Мурдагы жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулап, эки өлкө өкмөтүнүн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 25-жыйынын жана Аймактар аралык кыргыз-орус 11-конференциясын өткөрүү күнүн макулдашты.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-сатык көлөмү 2022-жылы рекорддук чекке жетип, 3,4 млрд долларды түзгөн. Ал жылы Орусиядан түз инвестиция түрүндө 145 млн доллар келгени, бул сырттан келген жалпы инвестициялык салымдын 12 % түзөрү, былтыркы биринчи жарым жылдыкта 87 млн доллар келип, жалпы инвестициялардын 20% түзгөнү кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG