Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:17

18-январь: Журналисттердин коопсуздугу, "Ихсанга" алдангандар, иш таштаган мигранттар


“Арча Медианын” журналисти Сайпидин Султаналиевди сот залына алып келатышат. 17-январь, 2024-жыл.
“Арча Медианын” журналисти Сайпидин Султаналиевди сот залына алып келатышат. 17-январь, 2024-жыл.

18-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Депутаттар журналисттердин маселесин көтөрүштү

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары ондон ашуун журналисттин камалаганы тууралуу маселе көтөрдү. Депутат Сеид Атамбаев бийликти журналисттердин укугун коргоого чакырса, эл өкүлү Гуля Кожокулова жапырт камоолор өнөкөткө айланып баратканын айтты. Ал эми Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровду медиа коомчулук менен диалогго барууга чакырды. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алды. 15-январда УКМКнын кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Токтонасыровдун соту убактылуу токтотулду

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун соту уланды. Прокуратура өкүлдөрү соттон укук коргоочунун иши боюнча комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү өтүнүп, сот аны канааттандырды. Буга байланыштуу активисттин ишин кароо убактылуу токтотулду. Ага “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш ишин райондук сот былтыр сентябрда карап баштаган. Токтонасыровго кылмыш иши былтыр 30-мартта козголгон. 65 жаштагы активист коюлган айыпты четке кагып келет.

Өндүрүш Токтонасыров. Архивдик сүрөт.
Өндүрүш Токтонасыров. Архивдик сүрөт.

Мурдагы чекист акыйкатчынын орун басары болду

Жогорку Кеңеш Жаныбек Жоробаевди акыйкатчынын орун басары кылып шайлады. Анын талапкерлигин омбудсмен Жамиля Жаманбаева сунуштаган. 46 жаштагы Жаныбек Жоробаев 2020-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан төрт ай депутат болгон. 2021-жылы апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары болуп дайындалып, ошол эле жылдын ноябрында жумуштан алынган.

Милиция “Ихсан” 700 млн сом чыгым келтиргенин билдирди

Ички иштер министрлиги “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативине Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Мекеменин маалыматына ылайык, “Ихсандын” Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан. “Ихсан” турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июлунда камакка алынган.

Пакистан Ирандын аймагына бир нече жолу сокку урду

Пакистан Ирандын аймагындагы жети объектиге сокку урганын Исламабаддын өкүлүнө таянып CNN маалымдады. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө "Ирандын Систан жана Белужистан провинциясында террористтер топтолгон жерлерге так координацияланган жана таамай тактыктагы аскердик соккулар урулду", - деп белгиленди. Кеминде жети киши набыт болгону, алардын төртөө балдар, айрымдары чет өлкөлүк жарандар экени кабарланды. Ошол эле учурда Исламабад Иранды "бир тууган өлкө" деп атап, анын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн урматтай турганын кошумчалады. Соңку күндөрү Иран Пакистандын, Ирактын жана Сириянын аймагына сокку урган. Бир нече адамдын, анын ичинде балдардын өмүрү кыйылган.

Башкырстанда полиция менен кагылышууда кармалгандар камалды

Уфа шаардык соту шаршембинин кечинде Баймак шаарындагы нааразылыкта полиция менен кагылышуу учурунда кармалган алты кишини камады. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" маалымдады. Аларга "санкцияланбаган акцияны уюштурган" деген айып тагылды.
17-январда экоактивист Фаил Алсыновдун соту өткөн Баймак шаарында жүздөгөн киши митингге чыккан. Бир нече саатка созулган акциянын катышуучулары Куштоо тоосун коргоп чыккан активистти бошотууну талап кылышкан. Акциянын ондогон катышуучулары кармалып, полиция менен кагылышууда жыйырмадай адам жаракат алды. Экоактивист, Орусияда тыюу салынган "Башкыр" уюмунун мурдагы жетекчиси, Куштоо тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов төрт жылга кесилди.

Орусияда иш таштаган мигранттар тажик бийлигине нааразы

Орусияда заводдо иш таштаган тажик мигранттары Тажикстандын бийлигине нааразы экенин «Озоди» радиосу кабарлады. Ростов облусунун Шахты шаарындагы «Химпэк» заводунда иштеген мигранттар жумушу оор, айлыгы аз экенин, ошондуктан нааразылык акциясын уюштурушканын, бирок тажик бийлигинин өкүлдөрү кырдаал менен жеринен таанышкандан кийин алардын таламын талашпастан, ишкананын жетекчилигин колдогонуна нааразы экенин айтып беришти. 15-январда «Химпэк» заводунда ондогон тажикстандык мигрант эс алууга убакыт берүүнү жана маянаны көбөйтүүнү талап кылып, иш таштаган. Завод жетекчилиги алардын көбүн жумуштан кетирген. Орусияда миллионго чукул кыргызстандык да эмгек мигранты болуп журөт. Укук коргоочулар орусиялык жумуш берүүчүлөр аларды арзан жумушчу күч катары колдонорун, укуктары көпчүлүк учурда камсыздалбай, корголбой турганын белгилешет.

XS
SM
MD
LG