17-январда Республикалык саламаттыкты бекемдөө борборунун адистери жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү, Чүй облусундагы 25 имамдын катышуусунда эмдөөнүн мааниси жана кызамык (корь) илдетинин коркунучу талкууланды. Адистер эпидемиологиялык абал, анын ичинде кызамыктын жайылып жатканы тууралуу маалымат беришти. Молдолордон жума намаз жана башка учурларда кызамыкка каршы эмдөөнүн мааниси жана зарылчылыгы жөнүндө туура маалыматтарды жеткирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.
Имамдар кызамыкка каршы вакцинанын курамы тууралуу маалымат алышты жана кызыккан суроолорун да беришти.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Өмүрзак Замирбек уулу эмдөөнүн мааниси тууралуу имамдарга, диний ишмерлерге так маалыматтар берилип турушу зарылдыгын белгиледи.
"Мечиттерде жума намаздарда же башка учурларда деле ата-энелер имамдарга келип, эмдөө тууралуу көп сурашат. Аларга туура жооп бериши үчүн имам өзү вакцина тууралуу кабардар болушу керек. Мындай иш-чараларды өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүү керек", - деди ал.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам келишкенин айткан. Акыркы эки жылда бул оорудан тогуз бала чарчап калган. Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.
2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина алынып келген.
ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу катуу өскөн.
Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.(ZKo)