Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Орусияда иш таштаган 100дөй тажикстандык мигрант жумуштан айдалды


15-январда иш таштаган мигранттар.
15-январда иш таштаган мигранттар.

Ростов облусундагы “Химпек” химиялык заводунун жетекчилиги иш таштаган жүзгө жакын тажикстандыкты иштен айдады. Бул тууралуу “Озоди” радиосу билдирди.

Нааразылык акциясы 15-январда өткөн. Жумушчулардын айтымында, полимер буюмдарын чыгарган ишкананын администрациясы жыл аягында эмгек акыны көтөрүүнү жана акы төлөнүүчү өргүү берүүнү убада кылган, бирок аткарган эмес.

Мигранттардын бири 16-январда “Озоди” радиосуна билдиргендей, иш таштоодон кийин жетекчилик аларды чакырып, январь айынын жарымы үчүн маяналарын төлөп, дароо жумуштан бошоткон.

"Видеого түшкөндөрдүн баары жумуштан бошотулду", - деди мигрант.

“Химпектин” өкүлдөрү кырдаал боюнча комментарий беришкен жок. Тажикстандын Орусиядагы элчилиги да үн ката элек.

2023-жылы күзүндө Москванын жанындагы Мытищи шаарында Өзбекстан менен Тажикстандан келген 55 мигрант кармалган окуя да катталган. Алардын көбү Орусияда патенти жок иштегендиктен, сот аларды депортациялоо чечимин чыгарып, өлкөгө кирүүгө беш жылга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG