Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

ИИМ кармалган журналисттер боюнча маалымат берди


16-январда кармалган журналисттер.
16-январда кармалган журналисттер.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда кармалган «Айт Айт Десе» жана «Temirov LIVE» каналдарынын журналисттери боюнча маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышты.

“16-январда аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Тергөө кызматы бир нече дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүздү. Жогоруда аталган басылмаларга тиешеси бар жарандардын жашаган үйлөрүн тинтүү учурунда далил катары документтер, уюлдук телефондор, фотоаппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык каражаттар жана банк карталары табылды”, - деген мекеме Тергөө кызматына 11 киши жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен алар Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кылмыш жасаганга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин маалымдады.

ИИМдин белгилешинче, «Айт Айт Десе» жана «Temirov LIVE» интернет-аянтчаларында жапырт башаламандыкка чакырган маалыматтар 30-декабрда интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда табылып, Тергөө кызматы соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган. Экспертизанын корутундусу 12-январда чыккан. Анда аталган материалдарда “нааразылык акцияларына жана жапырт башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар экени такталган”.

Шектүү катары жеткирилген 11 журналист, кызматкер, активист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынганын 16-январдын кечинде адвокат Замир Жоошев кабарлап, тизмесин жарыялады.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапар Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана "ПолитКлиникада" иштеген Тыныстан Асыпбеков.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстандын бийлигин өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыз кылууга чакырды. Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас Кыргызстанга сапары учурунда кыргыз бийлик ээлерине өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына кабатырлыгын билдирди. Акыйкатчы Жамила Жаманбаева Кыргызстандын укук тартибин коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого чакырды.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев "Temirov Live" медиасынын ондон ашуун мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин үйү тинтилип, ИИМге күч менен суракка жеткирилишин сөз эркиндигине кысым деп эсептебей турганын билдирди. 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып Тагаев "Кыргызстанда журналистика майдаланып, деградацияга учурады. Кыргыз журналистикасы өзгөрүшү керек. Маалыматты толук аңдабай туруп эле аны ашыра чаап жарыялоо көнүмүш адатка айланды. Андыктан соңку окуяны басым-кысым деп айтуудан алыс болууга чакырам", - деди. (RK)

XS
SM
MD
LG