Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгы кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырды


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстандын бийлигин өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыз кылууга чакырат. Бул тууралуу бүгүн 16-январда «Азаттыкка» аталган башкармалыктын өкүлү Лиз Тросселл билдирди.

Соңку эки күндө Кыргызстанда бийлик бир катар ЖМКга байланыштуу тинтүү жүргүзүп, 14 журналистти суракка алып кеткенин белгилеген БУУ мекемеси бул окуяларды «жарандык коомдун активисттерине, журналисттерге жана бийликти сындаган башка да адамдарга басым жасоонун кеңири схемасынын бир бөлүгү» деп мүнөздөдү.

«Адам укугунан, ой-пикирин ачык билдирүү укугунан мыйзам чегинде пайдалангандарды жазалоо үчүн аларды кармоо же камоо адам укуктары боюнча эл аралык талаптардан алып караганда негизсиз болуп эсептелет. Бул өңүттөң алганда, Кыргызстандын парламенти сөз эркиндигин, ЖМК эркиндигин чектеген мыйзам долбоорун карап жатканы ого бетер кооптуу болууда» деп айтылды уюмдун билдирүүсүндө.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алган.

16-январда “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, аталган баракчаларда жапырт башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев "Temirov Live" медиасынын ондон ашуун мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин үйү тинтилип, ИИМге күч менен суракка жеткирилишин сөз эркиндигине кысым деп эсептебей турганын билдирди. 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып Тагаев "Кыргызстанда журналистика майдаланып, деградацияга учурады. Кыргыз журналистикасы өзгөрүшү керек. Маалыматты толук аңдабай туруп эле аны ашыра чаап жарыялоо көнүмүш адатка айланды. Андыктан соңку окуяны басым-кысым деп айтуудан алыс болууга чакырам", - деди. (RK)

XS
SM
MD
LG