Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

“Темиров LIVE” каналынын кызматкери Максат Тажыбек уулу 48 саатка камалды


16-январда кармалган журналисттер. "Азаттыктын" коллажы.
16-январда кармалган журналисттер. "Азаттыктын" коллажы.

“Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулу 48 саатка камалды. Бул тууралуу 16-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери кармаган журналисттердин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.

Адвокат мурдараак Фейсбуктагы баракчасына да ИИМдин Тергөө кызматына суракка жеткирилген журналисттердин айрымдарынын сүрөттөрүн чыгарып, "Журналисттерди массалык башаламандыкты уюштурууга шек санап 48 саатка кармоо башталды" деп жазган.

Жоошевдин маалыматына ылайык, журналисттер кезек менен суралып, 48 саатка кармоо чечими чыгарылууда.

Максат Тажыбек уулу ИИМде күбө катары сурак бергенин мурдараак анын адвокаты Баатыр Ботобеков "Азаттыкка" билдирген. Анын маалымдашынча, 16-январда кармалган тогуз журналисттин ичинен Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, Жумабек Турдалиев, Максат Тажыбек уулу күбө катары сурак берип бүткөн, бирок кое берилген эмес.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

Министрликтин басма сөз кызматы “Айт Айт десе” жана “Темиров Live” долбоорлорунун баракчаларында массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тогуз журналист кармалганын билдирди.

Иш Кылмыш жаза кодексинин 278-“Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен тергелип жатат.

15-январда 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыгышкан. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланды.

Күч түзүмдөрүнүн журналисттерди жапырт кармап, алардын үйлөрүн, кеңселерин тинтүүгө алышын эл аралык укук коргоо жана медиа уюмдар, жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар айыпташууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG