Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


17-январда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-
20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9 градус, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түн ичинде -2…+3, күндүз 3...8;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнү -2…-7, күндүз -2…+3;

Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13 суук, күндүз дагы -2…-7 суук болот.

Бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -18…-23 суук, күндүз -6…-11.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 -9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз 0…-2° суук болот.

XS
SM
MD
LG