Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

УКМКда киберчабуулдарга ыкчам чара көрүү борбору ачылды


УКМКнын киберкоопсуздук борбору. Бишкек.
УКМКнын киберкоопсуздук борбору. Бишкек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Киберкоопсуздук борборунда Компьютердик окуяларга чыкчам чара көрүү борбору (SOC) ачылды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, борбордун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болуп саналат. Бул борбор санарип мейкиндигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү, киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтаруучу алдыңкы технологиялар менен жабдылды.

Маалыматка ылайык, борбор өзүнө туташкан уюмдардын да маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоо жөндөмдүүлүгүнө ээ.

Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүүчү борбор Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргелешкен долбоордун алкагында ачылды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG