Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19
 Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков сот чечими чыккандан кийин. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж
Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков сот чечими чыккандан кийин. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж

Он бир журналисттин иши: Махабат Тажибек кызы алты, Азамат Ишенбеков беш жылга кесилди

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

11:58 10.10.2024

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистине өкүм чыгарды.

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Ушул эле беренелер менен айып тагылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков беш жылга абакка кесилди.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга үч жылдан пробациялык жаза берилди.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.

Ички иштер минисрлиги (ИИМ) “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан.

12:08 10.10.2024

27 жаштагы Азамат Ишенбеков социалдык тармактарда акын катары таанылган. Ал “Айт, айт десе” каналында коомдогу көйгөйлөрдү, саясий жүрүштөрдү ырга айланткан видеолорду чыгарып келген. Азамат камалгандан кийин коомчулук аны акын катары тааный турганын, өзүнө коюлган айыпка макул эместигин айткан.

Ал бүгүн Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, беш жылга абакка кесилди.

12:16 10.10.2024

Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси - “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” беренеси күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Махабат Тажибек кызы 33 жашта. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында туулган. Алты бир туугандын улуусу. Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги юридикалык коллежде окуган. “Айт, айт десе” жана "Темиров LIVE” долбоорлорунун директору болгон. "Темиров LIVE” редакциясынын негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темировдун жубайы. 12 жаштагы уулу бар.

12:22 10.10.2024

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева да ушул эле айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG