Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

"Каңтар окуясында" каза болгондордун акталышын талап кылгандарды полиция кармап кетти



Астана. 2024-жылдын 15-январы.
Астана. 2024-жылдын 15-январы.

Бүгүн 15-январда Казакстанда, борбор калаа Астанада, эки жыл мурдагы Январь окуясында каза болгондорду актоо талабы менен чыккан демонстранттарды полиция кармап кетти. «Азаттык» радиосунун казак кызматы кабарлагандай, он чакты киши президенттик сарайдын алдына чогулуп, калабада каза тапкан жакындарын актоону талап кылышкан.

2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон.

Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев “чет жактан үйрөнүп келген 20 миң террорист ири шаар Алматыны басып алганын” айтып, күч органдарына аларды атууга буйрук бергенден кийин кеминде 238 адам өлтүрүлгөнү, алардын 19у укук тартибин коргоо органдарынын кызматкери экени маалымдалган.

Нааразылык акциясына чыккандар террористтер болгонун тастыктаган маалыматын бийлик алигүнчө жарыялай элек.

Бүгүнкү митингге бир туугандарынан, жакындарынан ажыраган Алматы, Тараз, Шымкент шаарларынын тургундары чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG