Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Түркияда жөөт футболист камакка алынды


Түркиянын Юстиция министри Йылмаз Тунч Анталиянын Башкы прокуратурасы израилдик футболист Сагив Жехезкелге "коомчулукту кастыкка үндөгөн" деген жүйө менен соттук териштирүү баштаганын Х баракчасына жазды.

Буга 14-январдагы беттештин 68-мүнөтүндө "Анталияспор" футбол командасында ойногон Сагив Жехезкел "Трабзонспор" командасынын дарбазасына топ киргизгенден кийин колундагы жазуусун камераларга көргөзгөнү себеп болгон. Анын колунда "100 күн, 7-октябрь" деген жазуу болгон.

Жергиликтүү кабар агенттиктери израилдик футболчуну оюн бүткөндөн кийин полиция кармап кеткенин жазышкан. Көп өтпөй анын сурактагы көрсөтмөлөрү жарыяланып, анда Сагив Жехезкел тагылган айыптарды четке кагып "мен согуштун бүтүшүн каалайм" деген.

Түркиянын Футбол федерациясы жөөт оюнчунун бул кадамын "кабыл алынгыс" деп сыпаттады.

28 жаштагы чабуулчу сезондун башында Израилдин "Хапоэль Беэр Шева" командасынан Түркияга барган. Жехезкелдин "Анталияспор" футбол командасы менен 2026-жылдын июнь айына чейин келишими бар экени айтылууда. Ал бул сезондо 13 матчта алты топ киргизип, эки голдук пасс берген.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган былтыр 26-октябрда ХАМАС радикал тобун "террордук" деп атаган өлкөлөрдү сынга алган. Ал бул топту "өз жерин жана өз жарандарын коргоо үчүн күрөшүп жаткан можахеддердин боштондук тобу" катары сыпаттаган.

14-январда ХАМАС радикал тобунун (АКШ жана Европа биримдиги террордук уюм деп тапкан) Израилге кол салганына 100 күн болду.

Былтыр 7-октябрдан бери радикал топ тарабынан Израилде 1200дөн ашуун адам өлүп, 200дөй киши барымтага алынган, алардын 130у дагы деле барымтада кармалууда.

ХАМАСтын чабуулуна каршы Израил армиясы Газа тилкесинде согуштук операция баштаган. Тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги ЦАХАЛдын аскердик операциясынан жалпысынан 23 миңден ашуун адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылганын билдирген. Дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

XS
SM
MD
LG