Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Исландиядагы жанар тоо Гриндавик шаарына коркунуч жаратууда


Исландиянын түштүк-батышында жекшембиде күчтүү жанар тоо атылды. Ишемби күнү Гриндавик шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын тургундары эвакуацияланган. Метеорологиялык кызматтардын маалыматына караганда, жанар тоо шаардын чек арасына дээрлик жетип калды.

Мурда Гриндавиктин айланасына топурак жана таштан коргоочу дамбалар курулган, алар жанар тоонун агымын токтотушу керек болчу. Бирок жергиликтүү бийлик жер титирөөдөн улам аларда боштуктар пайда болгонун маалымдады.

Гриндавик жана анын айланасы акыркы айларда экинчи жолу вулкан коркунучуна кабылды. Аймакта өзгөчө кырдаал былтыр ноябрда жарыяланган. Андан кийин бир катар силкинүүлөрдөн кийин жерде чоң жаракалар пайда болгон. Шаардын төрт миң тургунунун баары эвакуацияланган. Туристтер көп барган Blue Lagoon курортунун эс алуучулары да коопсуз жакка чыгарылды.

18-декабрда Гриндавикке жакын жердеги Рейкянес жанар тоосу атылып, Магма тоо кыркаларын бойлой чачыраган. Ал ушунчалык күчтүү болгондуктан, Гриндавиктен 40 чакырым алыстагы борбор калаа Рейкявиктен да көрүнгөн. Анда да эл эвакуцияланып, жакында кайра үйлөрүнө келген эле.

Исландияда 33 активдүү жанар тоо бар. 2010-жылы Эйяфяллайёкудль жанар тоосу атылып, анын күлүнөн пайда болгон булут сымал кубулуштан улам Европанын көпчүлүк бөлүгүндө бир нече күн авиакаттамдар токтотулуп, миллиарддаган долларлык чыгымга алып келген. (SE)

XS
SM
MD
LG