Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Тажикстанда оппозициячыл активист үй-бүлөсү менен соттолду


Илхомджон Ёкубов жана анын атасы Дадожон Ёкубов.
Илхомджон Ёкубов жана анын атасы Дадожон Ёкубов.

Тажикстандын түндүгүндөгү Хужанд шаардык соту оппозициячыл активист Илхомжон Ёкубовду, анын 80 жаштагы атасы Дадожонду, 75 жаштагы энеси Очанжонду жана 52 жаштагы эжеси Мунираны экстремисттик ишмердүүлүккө айыптап узак жылдарга сыртынан абакка кести.

Ёкубов өзү айыптарды четке кагып, аларды негизсиз жана саясий мүдөөсү бар деп белгилейт. Маалыматка караганда, соттун чечими декабрь айында эле чыккан. Активисттин айтымында ал жакындары менен чет жакта болгондуктан соттун өкүмү сыртынан чыгарылган.

Илхомджон Ёкубов 2015-жылга чейин Согди облусунда өлкөдө террордук деп таанылган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" жергиликтүү кеңсесин жетектеп турган.

Кийин аталган партияга тыюу салынып, анын мүчөлөрү куугунттукка алына баштаганда өлкөдөн чыгып кеткен.

2017-жылдан бери Тажикстан бийлиги чет жакта жүргөн оппозициячыл активистерге каршы кылмыш иштерин козгоп, сот жараяндарын жабык өткөрүп, сыртынан эркинен ажыратып келет.

2018-жылы Хатлон облстук соту "Ислам кайра жаралуу партиясынын" ардагерлеринин бири Шамсиддин Саидовду сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан.

Партиянын лидери Мухиддин Кабири дагы сыртынан узак жылдарга кесилип, анын Тажикстандагы үй-мүлкү конфискацияланган.

XS
SM
MD
LG