Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Британиянын өкмөт башчысы Сунак Киевге барды


Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак жана Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак 12-январда Киевге күтүүсүздөн барды. Мунун алдында ал Украинга бөлүнгөн аскердик каражат 3,2 миллиард долларга чейин көбөйтүлөрүн жарыялаган.

“Бүгүн мен бул жерде бир гана билдирүү жасай алам. Британия эч качан кебелбейт. Биз Украина менен эң караңгы түндөрдө жана эң жаркын күндөрдө да бирге болобуз”,-деди Сунак.

Андан тышкары, британ өкмөтү тараткан маалыматка ылайык, эки мамлекет коопсуздук тармагында кызматташуу боюнча тарыхый макулдашууга кол коет.

Британ бийлигинин Украинага бөлүнгөн каражатты былтыркы жылга салыштырмалуу 255 миллион долларга көбөйтүү чечими украин президенти Владимир Зеленский Балтика мамлекеттерин кыдырып келгенден кийин жарыяланды.

Турне маалында Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн Киевге көбүрөөк акча бөлүүгө чакырууну уланткан.

11-январда жасаган билдирүүсүндө украин президенти фронтто кырдаал “абдан оор” экенин белгилеп, украин күчтөрүнө курал-жабдык жетишпей жатканын билдирди.

Ал ошондой эле Орусияда мартта өткөн президенттик шайлоодон кийин Кремль Украинадагы аскердик аракеттерин кеңейтери күтүлүп жатканын кошумчалады. Ал шайлоодо азыркы президент Владимир Путин жеңерин байкоочулар ишенимдүү боолгоп жатышат.

Жыл жаңыргандан бери Украинанын аймактары орус армиясынын жапырт аба соккуларына дуушар болууда.

XS
SM
MD
LG