Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Сулайман-Тоого желим баштык алып чыгууга тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштогу Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына желим баштык, ар кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Мындай чечим тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо жөнүндө мыйзам, жоболорго ылайык кабыл алынды.

“Бул чечимге байланыштуу музей комплекстин аймагындагы пластик бөтөлкөлөрдөгү суусундук, полимер пленкасынан жасалган баштыктагы ар кандай азыктар саткан түйүндөр жабылды. Ал эми күндүн ысыгына ылайык жаңы шарттарды уюштуруу маселеси жайкы сезонго чейин чечилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Сулайман-Тоо археологиялык музей-комплекси Ош шаарынын тарыхый бөлүгүнүн борборунда жайгашкан. 2009-жылы 26-июнда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат. Жогорку Кеңеш 2023-жылы 29-июнда кабыл алган мыйзамга президент 10-августта кол койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG