Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

13-январдын аба ырайы


Бишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 11…13° болот.

XS
SM
MD
LG