Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:50

Депутат административдик реформага эл арасында нааразылык бар экенин билдирди


Замирбек Мамасадыков.
Замирбек Мамасадыков.

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасыдыков административдик-аймактык реформага эл арасында нааразы болгондор бар экенин билдирди. Мындай пикирин ал 12-январда Жогорку Кеңеште "Ыйман нуру" фракциясынын жыйынында айтты. Депутат бул өнөктүктүн башталганына эки жыл болсо да ведомстволор аралык комиссия түзүлө электигин белгилеп, өкмөттү долбоорду ишке ашырууда коомчулуктун пикирин эске алууга чакырды.

Жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов пилоттук режимде жүрүп жаткан аймактык-административдик реформа быйыл апрель айында аягына чыгарын билдирди. Анын маалыматына караганда, аймактык-административдик реформа Түп жана Нарын райондорунда жүрүп, учурда айыл-аймактардын деңгээлинде ишке ашууда.

“Андан кийин моделин иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке мыйзамдын жаңы редакциясын алып келебиз. Финансы министрлиги, Салык кызматы менен бирге жаңы түзүлгөн айыл аймактардын бюджетин карап чыгып, андан соң салык саясатын карайбыз. Ошого карап дотацияга киргизүү же чыгаруу каралып, статусу аныкталат”, - деди Сеитов.

31-декабрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турат.

2023-жылы Ысык-Көл облусунун Түп району менен Нарын облусунун аймагында административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоору ишке ашырылып баштаган.

Кыргыз Республикасынын учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт баскычтуу системасына негизделген: республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактары менен шаарлар. Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери 7 облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинде эки республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.

Республика боюнча 452 айыл аймагынан 62 айыл аймагы бирден гана айылдан турат, аларда калктын саны 148ден 10 870 адамга чейин жетет. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым райондорунда курамына он жана андан ашык айыл кирген айыл аймактары бар.

XS
SM
MD
LG