Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:05

АКШ согушту жүргүзүү боюнча Украинанын так планын билгиси келет


Днепропетровск облусундагы аткылоодон кийин.
Днепропетровск облусундагы аткылоодон кийин.

Кошмо Штаттардын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Давос Эл аралык экономикалык форумунда “көшөгө артында” Украинанын президенти Владимир Зеленскийден Орусия менен согушуунун так планын сурай турганы айтылууда. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Басылманын маектештеринин бири айткандай, украиналык аскерлер 2024-жылга планын түзүүдө, Вашингтон болсо өзүнүн колдоосун туура нукта жүргүзүүнү аныктап алгысы келет. Ошондой эле Ак үй Зеленский менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужныйдын ортосундагы пикир келишпестик тууралуу тарап жаткан билдирүүлөргө тынчсызданууда. Америкалык чиновниктин пикиринде, бул абал мындан аркы стратегияны иштеп чыгууну создуктурушу мүмкүн.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украинага, Израилге жана Тайванга жардам катары 106 миллиард доллар бөлүүнү сураган. Айтылган сумманын 61 миллиардын Киевге берүү каралууда. Бул бюджет азырынча тактала элек, Конгресстеги республикачылар каржылоо маселесинин өз-өзүнчө каралышын талап кылып жатышат.

Украинага аскердик жардамдын 2023-жылдагы соңку пакети 250 миллион доллар көлөмүндө декабрдын соңунда жөнөтүлгөн.

Bloomberg басылмасы белгилегендей, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши тоңдурулган орусиялык 300 миллиард долларлык активдердин бир бөлүгүн Киевге берүү боюнча мыйзам долбоорун колдоого даяр. Дүйнөлүк банктын баалоосу боюнча Украинаны калыбына келтирүү үчүн 411 миллиард доллар керектелерин агенттик жазды.

Улуттук коопсуздук кеңешинин жана Конгресстин өкүлдөрү бул боюнча комментарий берген эмес. АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон Украинага орусиялык активдердин эсебинен кенемте берүү жагын “Чоң жетидеги” өнөктөштөрү менен талкуулап жатканын билдирген.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков тоңдурулган орусиялык активдерди Украинага берүү боюнча болжолдуу маалыматка комментарий берип, “бул АКШнын каржылык кадыр-баркын жоготууга” алып келерин айткан. Песков Вашингтондон орусиялык активдерди кенемте катары берүү планы тууралуу планы боюнча билдирүу келбегенин тактаган.

XS
SM
MD
LG